Ташчайнар лакап аты менен таанымал балбан Нурлан Алишеров Орусиянын “Минута славы” долбооруна катышат
Ташчайнар лакап аты менен элге
таанылган балбан Нурлан Алишеров 7-августта Орусиянын “Минута славы” долбооруна
катышат. Бул тууралуу балбандын досу Максат Чакиев билдирди. Айтымында,
Ташчайнар тандоо туруна катышпай эле,
дароо 1-айлампага чакырылган. “Жеңүүчүлөр "Сочи-2014” Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышууга расмий түрдө укук алышат. Кудай буюрса,
Ташчайнар жеңет деген ишеним бар. Ал жерде балбан мурунку өнөрлөрүн тартуулоо
менен бирге жаңы номерлерди да көрсөтөт”,- деди ал. Ошондой эле Чакиев учурда
каражат тартыш болуп жатканын белгилеп өттү. “Азырынча Кыргызстан тараптан
колдоо жок болуп жатат. Тескерисинче, Орусия тарап колдоо көрсөтүүгө даяр экенин
билдирүүдө. Каражат жагынан жардам берем деген кыргыз уулдары болсо жакшы
болмок. Ар бир номер үчүн кийим тиктирүү, тиешелүү материалдарды алуу сыяктуу
чыгымдарга көп акча сарпталат экен. 2011-жылы дагы чакыруу алып, тилекке каршы, акча жок болуп катыша албай калган”,- деди ал.
Оз элибизден чыккын балбандарды мамлекет колдоо корсотпосо уят эле. Орустар жаржам берип уят кылат экен эми. Жардам берем деген жакшы адамдар чыгаар кыргыздан....
0
nurik9090
2013-07-12 06:35:10
создун кыскасы колдо бар алтындын баркын билбей жатат го бийликтегилер,ертен ташчайнар женип келсе биздин еле желек желбирейт Кыргызстандын аты чыгат,неужели бийликтегилердин тооктой болгон башына мындай нерсе жетпейт.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.