Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.
Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Digital CASA” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралды.
Бакыт Шаршембиев билдиргендей, насыя 38 жылга берилет.
"Долбоор телекоммуникациялык инфратүзүмдү, санариптик платформаларды, “акылдуу” чечимдерди, санариптик лидерликти өнүктүрүүгө багытталган. Аталган долбоор 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандап алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот”, - деди Бакыт Шаршембиев.
“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Курманкул Зулушев Эсептөө палатасынын корутундусу жок экенин айтты. Ал ошону менен бирге насыя менен гранттык каражаттардын жыйындысы туура эмес эсептелгенин белгиледи.
КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев өлкөнүн интернет тармагын өнүктүрүү жаатында эл аралык каржы уюмдары буга чейин 37 миллион доллар көлөмүндө каражат бөлгөнүн, бирок андан натыйжа чыкпаганын эске салды. Ал бул долбоордун деле өз деӊгээлинде ишке ашарынан күмөнү бар экенин айтып, депутаттарды келишимди колдобоого чакырды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору жыйындын күн тартибинен алынып салды. Транспорт жана жолдор министрлигине буга чейин интернет тармагын өнүктүрүүгө канча насыя каражаты алынганы боюнча расмий документ даярдоо тууралуу протоколдук тапшырма берилди.