Социалдык тармактарда 1941-1945-жылдар аралыгындагы Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүп каза болгон жоокердин сөөгү табылгандыгы тууралуу жарыя тарады. Билдирүүнү жазып калтырган Игорь Пешнин аттуу Орусиянын жараны: "Кимдин досторунун арасында кыргыздар бар? 1911-жылы туулган Абдумалин Токтогулов аттуу жоокердин туугандары изделет. Ал дайынсыз жоголгон адам катары эсептелиши мүмкүн. Бөлүшүп койгула", - деп жазган.
Пешнин бул маалыматты согушка катышып дайынсыз болгон жоокерлердин эрдиги жазылган жана аларга берилген сыйлыктар жарыяланчу "Подвиг народа" сайтынан окуганын айтты. Аталган сайтка өтүп, дайынсыз жоокер тууралуу төмөнкү маалыматтарды алдык.
Токтогулов Абдумалин (же Абдумалик болушу да мүмкүн) 1911-жылы туулган. Кызыл Армиянын катарына 1942-жылы 11-декабрда алынган. Ал Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусуна караштуу Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан (азыркы Каракол шаары) аскерге чакырылган. Кызмат өтөгөн жери 93-өз алдынча аткычтар бригадасы. Токтогулов 1943-жылы 11-январда эрдик жасаган. Бул үчүн аталган сайтта Токтогуловго "Эрдиги үчүн" төш белгиси ыйгарылган.
"Сталинграддын түштүк-батышында 1943-жылдын 11-январындагы кармашта душмандардын күчтүү ок жаадыруусунда жоокер ага каршы туруп, ок аткан. Душмандардын танктык чабуулуна каршы курал менен пехотанын курамында жоокер немистердин траншеясына барып автомат менен душмандарды жок кылган".
Дал ушундай маалымат ал жасаган эрдиги үчүн берилген документте жазылып калган. Абдумалин Токтогулов 32 жашында эрдик кылып курман болуп жатат.