Борбордогу "Мен Бишкекти сүйөм" инсталляциясы талкаланып жатат. Аны сындырган адам кармалды

Бишкек шаардык мэриясынан маалымдалгандай, инсталляция 15-ноябрга караган түнү саат 2:00дө сынганы белгилүү болгон. "Анын атайын талкалангандыгы аныкталды" деп айтылат шаар бийлигинин билдирүүсүндө.
Мындай инсталляция борбор калаадагы Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде орнотулган.
"Бул боюнча Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүсү 27 жаштагы М.у.Т. аттуу адамды кармаган. Ал келтирген чыгымдын суммасын төлөп берет. Учурда "Бишкексвет" муниципалдык кызматынын кызматкерлери анын чыгымын эсептеп, калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле шаар бийлиги баш калаанын жашоочуларын муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоого чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ainur78007
2018-11-15 13:46:38
Талкалап кеткен ХХХХХХХХХ фотосун кошо чыгарсанар болмок
+5
Kychtyy
2018-11-15 14:14:19
Салгыла штраф 100минге чейн. Анан молод. Гвардияны тазалаткыла бир ай ошондо сезет адамдын мээнетин. Ушундай ХХХХХХХ куйгузду.ХХХХХХ Ичип алып герой болуп талкалангандырда. Уйдо баатыр жоодо жок.
+9
ekaterinburg
2018-11-15 14:20:48
Не тоскоол болду дейм да анчалык бул жазуулар...Жек корот бейм Бишкекти.
+5
zhaku2017
2018-11-15 14:21:23
Жапайлар толуп баратат. Камап салгыла.
+5
nargiz94
2018-11-15 14:26:39
Менин бир классташ кызым бар болчу, сабактан тараганда завуч, директордун кабинетинин сыртындагы жазуу болот го, ошолоржу жулуп, плакат-слакат дегендерди жулуп ыргыта берчи. Бул да ошого окшогон бир кокмээ окшойт. Же мас...
+6
rysik79
2018-11-15 15:05:02
ХХХХХХ ХХХХХ го даана.
0
admin_superstan
2018-11-15 15:26:44
rysik79, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
Nuret94
2018-11-16 01:18:28
Башка мамлекеттерде талкаланбай ордунда эле турат го, биздики неге талкалана берет түшүнбөйм.
+1
Romantik.
2018-11-16 07:55:54
Nuret94, анткени биз кыргыздар айылдан келип алып эле 100 грамм басып алып, талкалап, сындырып караңгы экенибизди көргөзүп келебиз
0
Makedonia
2018-11-16 09:39:27
Олчойтуп штраф салып, анан дагы кочо тазалагыч кылып иштетиш керек. Балким ошондо бираз да болсо акыл кирээр.
0
Baku88
2018-11-16 11:20:39
Ушунчалык караңгы жапайы элбиз башка элдерге эбак жетип ашыкча болуп баратса а бизге дале жете элек (мээбиз жакшы өөрчүбөй) өтө өкүнүчтүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан