Жанар Акаев: "Күч органдары парламентке тоготпогондой мамиле жасабашы керек"

"Күч органдары парламентке тоготпогондой мамиле жасабашы керек" деп бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал республикалык бюджет боюнча долбоор маанилүү экенин белгиледи. "Бул жерден Башкы прокуратуранын, УКМКнын өкүлдөрүн көрбөй жатам. Алар эмнеге жок? Аларга эмне бюджеттин кереги жокпу? Менин Башкы прокуратуранын, УКМКнын өкүлдөрүнө бир канча суроом бар эле", - деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комитеттин сунушу менен чакырылгандыктан жыйында отурганын билдирди.

Жанар Акаев: "Сиздин токтомуңуз менен Башкы прокуратура 100 миллион сом бөлүнүп берилиптир деген маалыматтар айтылып жатат. Бул маалымат чынбы?" - дейт.

Өкмөт башчы Жалал-Абадда прокуратуранын имараты бүтпөй жаткандыгына байланыштуу акча ошол жакка бөлүнгөнүн айтты.

Ошону менен катар эле депутат прокуратура кызматкерлеринин үйү жок болуп жатса, Мамлекеттик ипотекалык компанияга арыз жазып, кезек күтүшү керектигин белгиледи. "Бирок мен жакыр прокурорлорду көргөн эмесмин. Жакыр мугалимдер менен дарыгерлер гана бар", - деди Акаев.

Учурда жыйында республикалык бюджет боюнча долбоорлор каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dasa-kgz
2018-11-15 18:28:41
Туура айтыптыр. Жакыр прокурорлорду кезиктируу мумкун эмес
+2
baltabaev
2018-11-16 00:05:16
Атана рахмат,Жанар красавчик,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан