Эки буту баспаган майып эне: "Уулум чоңойсо дарыгер болуп мени айыктырам дейт"

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып каарманыбыз Айзада Кожобергенова менен 4 жылдан бери таанышпыз. Эки буту баспаган Кожобергенова коомчулукка SUPER.KG порталынын көмөгү менен чыгып, ага жардам колун сунган кайрымдуу адамдар үйлүү болушуна жардам беришкен.

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу Айзада Кожобергенова тубаса эки буту баспай төрөлгөн. Апасы кош бойлуу кезинде авто кырсыкка кабылып, ичиндеги баланын борбордук тарамышы түйүлүп калган экен. Ошентип апасы 2-топтогу майып, ал эми Айзада Кожобергенова 1-топтогу майып болуп калган. Эс тарткандан баштап бир туугандарына, ата-энесине жүк болгусу келбеген каарманыбыз боорун жерден эрте көтөрүп, үйдөн чыгып кеткен.

"Эки бутум баспаса, менин түйшүгүмдү ким тартмак эле. Балдакка таянып өз алдымча турмуш баштоо үчүн Бишкекке келгем. Үйдөгүлөр менин кетип калганыма таарынып жүрүштү. Атам каза болгондон кийин апам да жүрөк оорулуу болуп, былтыр көзү өтүп кетти.

Бишкектен өзүмөн 4 жаш кичүү жигит менен тааныштым. Ал мени жакшы көрөрүн айтып, экөөбүз баш коштук. Мени ал кандай болсом, ошондой кабыл алды. Ошонусуна ичим жылып, бирге жашоого макул болдум. Жолдошумду жамандагым келбейт. Ал жакшы адам. Мен тууралуу апасына барып айтыптыр. Апасы келип чекемден өөп, ак жоолугун салган жок, анткени ал каршы болду. Жолдошума сезимим эми ойгонуп баштаганда апам ооруканага жатып дарыланат деп кеткен боюнча кайтып келген жок".

Айзада Кожобергенова жолдошу кетип калгандан кийин боюнда бар экенин билген. Ал буга чейин балалуу болууну аябай самаганын айтат. Кош бойлуу экенин билгенде төрөп алууну чечкен.

"Колумдагы акчаны чогултуп алып, ооруканаларды кыдыра берчүмүн. Жашырганда эмне, төрөтканаларда бала сатат экен деп укчумун. Барып акчам бар, бала бергиле, таштап кеткендер болсо сатып алайын десем, "сен бала бага албайсың" деп кетирип жиберишчү. Буга чейин дарыгерлер мени төрөй албайсың дешкен. Муну билип турсам да, ичимдеги баланы жарык дүйнөгө алып келүүнү туура көрдүм. Кудайга шүгүр, алты саны аман бала төрөдүм. Бирок аябай кыйналдым, өзүм батирлеп жүрөм, колумда кызыл эт бала. Мен көргөн күндү эч ким көрбөсүн. Ошондой күндөрдө жардам колун сунган элге ыраазымын. Элдин жардамы менен баламды торолтуп, бастырып алдым. Силердин даярдаган материалыңарды көрүп, коомдук активист Азамат Байматов келиптир. Мага күтүүсүз белек болду, ал үй куруп берерин айтты".

Айзада Кожобергенованын атасы бир кезде сатып алган жер тилкеси болгон. Ал жерде дубалы согулуп курулган эски үй турчу экен. Үйдү толук түрттүрүп, ордуна 3 бөлмөлүү шарттары бар үй салынган. Демилгени Байматов көтөрүп, кайрымдуу адамдар эшик терезесинен бери ташып келип, жалпылап куруп беришкен. 2016-жылы үйү курулуп жатканда барып кабар алып келгенбиз. Эми үчүнчү кышын өз үйүндө, жылуу-жумшак кыштап жаткан каарманыбыздын кубанычында чек жок.

"Силер келгенде кире үйгө элек болчумун, бүтө элек болчу да. Эми минтип өз үйүмө кирип, жашоом 100 пайызга өзгөрдү десем болот. Бир туугандарымдын баарынын өз турмушу бар. "Биттүү конок жатпайт, балалуу конок батпайт" дейт. Өзүм жалгыз болсом, эптеп өлбөстүн күнүн көрмөкмүн да. Эми баламдын келечегин ойлойм. Ушул балам менен өз үйүмдө жашап жатканыма миң мертебе тобо келтирем. Баламдын аты Белек, Кудайым берген белегим. Быйыл 4кө толуп, 5ке карады. "Чоңойсом доктур болуп, сизди дарылайм" дейт. Татыктуу тарбия берип, аман-эсен чоңойтуп алсам арманым жок", - дейт Айзада Кожобергенова.

Эки буту баспаса, иштей албаса, колунда баласы болсо, жалгыз бой аялга кайдан каражат келет деген суроо баарыбызда эле жаралат. Биз да бул суроону каарманыбызга узаттык.

"Короодо мончо бар. Ошону иштетем. Жаныбыздагы чакан үйдү батирге берип койгом. Андан түшкөн каражат электр жарыгына, мончого жакканга көмүр алганга кетет. Майыптыгым үчүн алган жөлөк пулга тиричилик кылабыз. Электр энергиясына чилдеде 6 миңден ашык сом чыгып келет. Менин жөлөк пулум дагы ага жетпейт. Мамлекет тарабынан электр энергиясына жана сууга болгон төлөмгө жеңилдетүүлөр жок. Үйдүн ичине от жакпайм, жылуу пол менен жылытылат. Ошол себептен акчасы да көп чыгып келет.

Үйдү өзүңөр көрдүңөр да, бардыгы менин тизелеп жүргөн шартыма ылайыкташып жапыз жасалган. Стол, отургуч, тамак жасай турган жер, жуунуучу крандын баары ылдый. Эми кир жуучу автомат машина болсо орнотуп алсам жакшы болот эле. Азыр баштагыдай колумдун алы жок. Балдакка таянып баса албай калгам. Бардык күч колума келип жатып, азыр чачымды тарагыча какшап ооруп кетет. Кир жууганда кыйналам. Эшикке мончого көмүр жакканга чыкканда дөңгөлөгү бар тактайга салып алып Белегим сүйрөп чыгат. Менин салмагымды тартканга жарап калды", - дейт баласына кубанган эне.

Айзада Кожобергенова бүгүнкү күнгө оңой келип калган жок. Ал буга чейин сууктун күнүндө көрүнгөн үйдө батирлеп жүрүп төрөттөн кийин да жакшыраак тыңыган эмес. Жакында эле кайрымдуу тааныштары ооруканага алып барып кароодон өткөрүшсө, дарыгерлер жатын түтүгүнө эт өсүп кеткенин айтышкан. Анын дарттуу жери күн сууктагандан бери ооруйт. Муну операция жолу менен дарылоо керек. Бирок төрөттөн кийип коркуп калган каарманыбыз анча маани бербей жүргөн чагы. Шарты болсо Кожобергенованы алдыда операция күтөт.

Айзада Кожобергеновага жардам берүүнү каалагандар болсо 0778 768 086 ("Элсом" капчыгы), 0705 769 194 номерлерине байланышсаңыздар болот.

Эки буту баспаган майып эне:“Уулум чоңойсо дарыгер болуп мени айыктырам дейт”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Talant_27
2018-11-16 18:36:51
Дунуйоо жашоосуу убактылуу гана, Ар бир жан олум даамын таттычуу!!!
+1
binur5
2018-11-16 20:29:56
ушундай кыйнчылыктын артында коптогон жакшылыктар бар экенине ишенип жашашыныз кк Баланыз сизди бактылуу Эне кылат буйруса
0
uli1234
2018-11-16 21:32:01
Баласына ден соолук бересин. Апасынын жөлөгү экенда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан