Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын кызматкерлери октябрь айындагы эмгек акысын алыша элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган окуу жайдын мугалими Гүлжамал Ташматова билдирди.
Анын айтымында, жетекчилик тарабынан "эмгек акылары жакын арада төлөнүп берилет" деген убада берилген.
"Октябрь айы үчүн эмгек акы ала элегибиз чындык. Буга окуу жайдын директору дайындалбай келгени себеп болгон. Бирок жакында эле жетекчиликтен "директордун милдетин аткаруучуга кызматкерлердин айлыгын төлөп берүүгө укук берилди. 1-2 күндө эмгек акыңар төлөнүп берилет" деп айтышты. Кызматкерлер муну түшүнүү менен кабыл алдык. Эч кандай нааразычылыгыбыз жок", - деди Гүлжамал Ташматова.
Ал эми музыкалык окуу жайдын атын атагысы келбеген студенти май айынан бери стипендия ала элек экенин билдирди.
"Бир тайпадан 2-3 студентке ай сайын 700 сомдон стипендия берилет. Бирок май айынан бери ала элекпиз. Стипендияны банк аркылуу алмай болгонбуз. Керектүү документтерди топтоп банкка тапшырганбыз. Бирок качан берилери белгисиз. Эмнеге кечиктирилип жатканы тууралуу түшүндүрүү иштерин эч ким жүргүзгөн жок", - деди окуу жайдын студенти.
Белгилей кетсек, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга өткөн айдын аягында ырчы Самара Каримова директор болуп дайындалган. Ырчы окуу жайда 1 күн жетекчилик кызматты аркалагандан кийин Маданият министри Азамат Жамангулов Самара Каримова директорлук кызматка дайындоо тууралуу буйрукту жокко чыгарган.