Кыл кыякчы Залина Касымова менен скрипкачы Аида Баякова бирге аткарган “Пахтачы кыздын бийи” чыгармасына клип тартылды. Чыгарма обончу Сейдалы Медетовго таандык, клипти Бекбол Кылычбеков тарткан. Дуэтте кыл кыяк менен скрипкадан чыккан күү айкалыштырылган. Залина Касымованын айтымында, мындай дуэт жаздыруу идеясы 1 жыл мурун эле пайда болгон. “Алгач башка чыгармага ушундай дуэт жаздырууну ойлогом, ар кандай себептерден ал ой ишке ашпай калды. Эми минтип бир жылдан кийин жаңы идея ишке ашып отурат”,- дейт ал. Клип борбордун чет жактарында тартылып, ага “Шаттык” бий ансамблинин бийчилери көрк бергенин кошумчалады Залина айым.