
Индонезияда кулаган учакта каза болгон адамдардын биринин сүйүктүүсү
Интан Шьяри анын акыркы каалоосун аткарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Интан Шьяри жана Рио Нанда Пратама 13 жылдан бери сүйүү мамилесинде болушуп 11-ноябрда баш кошушмак. Шьяринин сүйүктүүсү дарыгер болуп иштегендиктен Жакартага семинарга кеткен.
Интан Шьяринин айтымында, учакка отурардын алдында сүйүктүүсү эгерде ал жетишпей калса, өзү үлпөт көйнөгүн тандай берүүсүн жана аны кийип түшкөн сүрөтүн ага жөнөтүүсүн өтүнгөн.
Мындан улам кыз сүйүктүүсүнүн каза болгонуна карабастан анын акыркы каалоосун аткарып үлпөт көйнөгүн кийип фотосессия жасаткан. Ал сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, алдына "мен кайгырбай күчтүү болушум керек, анткени сен дайыма ушинтип айтчусуң" деген сөздү жазган.
Эскерте кетсек, Индонезиянын жүргүнчү ташуучу Боинг 737 учагы кырсыкка кабылып, жалпы 188 адам каза
болгон.