Индонезиянын жүргүнчү ташуучу Боинг 737 учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Lion Air авиакомпаниясынын Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча сапарга чыккан учак учкандан 13 мүнөт өткөн соң учууну көзөмөлдөөчү радардан көрүнбөй калган. Чет элдик маалымат агенттиктеринин бири индонезиялык куткаруучулар учактын сууга кулаганын тастыктаганын жазышты.
Lion Air компаниясынын башчысы Эдвард Сираит журналисттерге аталган кырсык тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын гана билдирген.
Айрым маалыматтарга ылайык, Боинг 737 учагында 188 жүргүнчү, анын ичинде 7 экипаждын мүчөлөрү болгон. Ошондой эле Индонезия бийлиги кырсык болгон жерге 3 кеме жана тик учак жибергени, куткаруучулар учактын кайсы аймакка кулаганын аныкташканы айтылып жатат.