Кечээ, 15-ноябрда Бишкектеги Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде "Транс Групп" компаниясына тиешелүү болгон таштанды ташуучу унаа троллейбустун зымдарын өткөргөн мамыны сүзүп алган.
Аталган окуя боюнча, шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктан жабыркагандар жок экенин айтып, таштанды ташуучу унаа айып аянтчасына токтотулганын билдирген.
Күбөлөрдүн бири SUPER.KG`ге билдиргендей, аталган унаа айып аянтчасына токтотулган эмес.
Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылганыбызда, алар төмөндөгүдөй жооп беришти.
"Троллейбус чубалгысын өткөргөн мамыны сүзгөн жүк ташуучу унааны биздин эвакуаторлор жылдыра албай коюшту. Буга байланыштуу ал унаа тиешелүү болгон "Транс Групп" компаниясы өздөрү алып кетмей болушкан. Аталган компания келтирилген чыгымдардын баарын төлөйт, мындан сырткары административдик айып салынат", - деп билдирди басма сөз катчы.