Индиянын Агра шаарында маймыл энеси эмизип жаткан 2 апталык ымыркайды аялдын колунан жулуп кеткен. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, наристени сактап калууга кеч болуп калган.
Маалыматка ылайык, маймыл үй ичинде бала эмизип жаткан аялга кол салып, баланы алгандан кийин дароо коңшу үйдүн чатырына чыгып кеткен. Аруш аттуу бул баланын ата-энеси үйдүн үстүнө чыгып барышканда ал чарчап калган. Жаныбар баланы моюнунан тиштеп алып барган дагы, үйдүн үстүнө таштап салып өзү качып кеткен.
Ата-энеси Арушту ооруканага алып барганда дарыгерлер моюн жана башынан алган оор жаракатынан улам чарчап калганын айтышкан.
Айта кетсек, бул Индиядагы маймылдар балдарга кол салган биринчи окуя эмес. Мындай көрүнүштөр буга чейин да болуп келген. Буга чейин Индиянын Орисса шаарында да маймыл 17 күндүк ымыркайды уурдап кетип, баланын жансыз денесин бир күндөн кийин кудуктан табышканы маалымдалган.