Бүгүн, 16-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында республикадагы жолдорду куруу, оңдоп-түзөө маселеси каралып жатат.
Анда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов депутаттардын суроосуна кыргыз тилинде жооп берип жатты. Жыйында фракция лидери Иса Өмүркулов депутат Рыскелди Момбековго: "Мэр кыргыз тилинде жакшы эле сүйлөйт экен го", - деди.
Рыскелди Момбеков "мурунку мэр Албек Ибраимовго салыштырмалуу жакшы сүйлөйт бекен?" деди. Өмүркулов "Феликс Куловго караганда кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт экен" деп жооп берди.
Буга чейин журналист Канышай Мамыркулова өкмөттүн токтомуна таянып, Азиз Суракматов менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тил билүү деңгээлине нааразычылык билдирип БШКга арыз жазган. БШК арызды карап чыгып, эки мэрге "Кыргызтесттен" өтүүнү сунуштаган.
Суракматов мэрликке талапкер болуп чыкканда экзамен тапшырып, өз программасын кыргыз тилинде жазып берген. Ал программасын ката жазганына карабай комиссия "мамлекеттик тилди билет" деп баа берген.