Караколдо үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан 67 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Маалыматка караганда, Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунун 67 жаштагы жашоочусу Борторо Абдухаликов 15-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Абдухаликов таяк таянып басат жана эс-тутуму начар.
Кийген кийими кара түстөгү күрмө, шым жана кара түстөгү туфли. Дайынсыз болуп жаткан жаранды көргөн-билгендер болсо, Каракол шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө 102 номерине чалып коюуңуздарды жакындары өтүнөт.