"Бишкекте шаар тургундары унаа тыгындарынын кесепетинен бара турган жерине кечигип калууда. Мурда тыгын маал-маалы менен гана болчу, азыр кайсы учурда чыксаңда тыгынга кабыласың" деген пикирин бүгүн, 16-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Нурбек Тотонов билдирди.
Ал "Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын чечүү жолдору барбы?" деген суроо менен мэрияга кайрылды.
Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев мэрияда жол тыгындары боюнча маселелер каралып, аны чечүүнүн жолдорун издеп жатышканын айтты. "Учурда унаа тыгындары боюнча иштер жүрүп жатат. Күн сууктап, жолдор тайгак болгондугунан да унаа тыгындары пайда болууда", - деди Дүйшөмбиев.
Депутат Нурбек Тотонов унаа тыгындарынын азайышы үчүн кээ бир көчөлөрдү бир тараптуу кылуу сунушун киргизди.