Ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизүү боюнча долбоор каралууда

Ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизүү боюнча долбоор каралып жатат. Бул тууралуу Экономика министрлиги даярдаган мыйзам долбоорунда айтылат.

Маалыматка ылайык, мораторий 2021-жылдын 1-январына чейин киргизүү каралууда. Долбоордун максаты ишкерлердин экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо, укуктук коргоо менен камсыз кылуу жана мамлекеттик текшерүү органдарынын ашыкча кийлигишүүсүнүн алдын алуу болуп эсептелет.

Киргизилген мораторий ишкерликти өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууга көмөк болот. Ошондой эле көмүскө бизнес жүргүзүүнү ооздуктап, Кыргыз өлкөсүндө ачык бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Ишкер соттук териштирүүгө алынган болсо, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынан арыз келип түшсө, жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирип жатканы боюнча жеке же юридикалык жактардан арыз келип түшсө ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө чектөө коюлбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан