Өлкөдө үйлөрдүн 15 пайызы гана камсыздандырылды

2,5 жылдын ичинде 80 миңден ашуун турак жай камсыздандырылды. Бул жалпы турак жай фондунун 15 пайызын гана түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

Жыйында курулуш бизнес чөйрөсүндөгү бүгүнкү кырдаал, шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

"Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча Кыргыз өкмөтү алгылыктуу иштерди улантат. Анткени мамлекетибиз бийик тоолуу өрөөндөрдө жайгашкан. Камсыздандыруу тууралуу бир топ көйгөйлөр бар. Тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилген", - деди Аскаров. Ал Кыргыз өкмөтү 2019-жылдан баштап, мамлекеттик жана жеке камсыздандыруу компанияларынын ар бирине талаптарды койгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kulatov
2018-11-16 15:10:22
Алар баягы эле байкуш мугалимдер себеби алады мажбурлап камсыздандырышты камсыздандырбасаңар айлык албайсыңар деп.
0
Flowhive
2018-11-17 16:51:50
Мажбурлап камсыздандырдык десең
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан