Эки колу кесилген жоокер Бишкекте өз алдынча дааратканага бара албай жатса, аны Майлуу-Сууга сотко чакырып жатышат. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун директору Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, токко урунуп эки колу кесилген жоокердин ишине байланыштуу кылмыш иши козголгон тарап баланын апасынан "эч кандай доом жок" деген арыз жазып берүүсүн талап кылып келишкен.
"Жоокер азыр Бишкектеги аскер госпиталында дарыланып жатат. 12-ноябрда кечке жуук апасына чалып, "Майлуу-Суу шаардык сотуна эртең келип калгыла, өзү келе албаса, апасы келсин" деп айтышыптыр. Бала жада калса өз алдынча дааратканага бара албай жатса, Майлуу-Сууга кантип барат? Апасы кетип калса, уулун ким карайт? Мунун баарын түшүндүрүп айтканыбызга карабай, кийинки соттук отурумду 23-ноябрга коюп коюшту.
Дагы бир кызык нерсе, 13-ноябрга белгиленген соттук отурумдун эртеси Бишкекке айыпталуучу тараптан 5 киши келип, баланын апасына "арыз доом жок" деген арыз жазып бергиле деп айтышыптыр. Ага чейин аскер госпиталына кирүүгө жадакалса жактоочуларга уруксат бербей жатышкан. Андай болсо "арыз жазып бер" деп келгендерди эмнеге киргизет? Алар баланын апасына барып гана чектелбей, мага да "арыз жаздырып бериңиз" деп чалышты. Муну кандай түшүнсө болот?" - деди укук коргоочу.
Бул тууралуу токко урунган жоокер Руслан Сапарбаевдин апасы Венера Сейталиевага кайрылганыбызда, ал укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтканын тастыктап, жабырлануучу тараптын айткандарына макул болбой койгондугун кошумчалады.
Белгилей кетсек, 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип, токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.