Япониянын киберкоопсуздугуна жооп берген министр Ёситака Сакурада эч качан компьютер колдонбогонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, көз карандысыз депутаттын суроосуна жооп берген Сакурада 25 жылдан бери өзүнүн жардамчыларына жана катчыларына ар кандай буйруктарды гана берип келгенин билдирген.
"Мен жашоомдо эч качан компьютер колдонгон эмесмин" деп билдирген 68 жаштагы министр.
Ал эми башка депутаттын Япониядагы атомдук электрстанцияларда USB-флеш карталар колдонулабы деген суроосуна министр "бул суроого адистер гана жооп бере алат" деген жообун узаткан.
Министрдин мындай жооптору көптөгөн сын-пикирлерди жана талкууларды жараткан. Сакурада - Япон бийлигинин киберстратегия башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана 2020-жылы Токиодо өткөрүлө турган Олимпиада оюндарына жооптуу адам. Көпчүлүктүн сын-пикирине карабай, ал өз кызматын так жана жакшы аткарып жатканын билдирген.