"Түндүк электр" бөлүштүрүү ишканасынын башкы директору Искендер Кадыркулов журналисттер менен болгон жолугушуусунда 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилинде Талас, Чүй облусундагы жана Бишкектеги кардарларына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабай турганын айтты. Анын белгилешинче, ишкана жыл башынан бери элди электр энергиясы менен камсыз кылуу планына камтылган жумуштарын толугу менен аткарып чыкты. Ошондой эле бардык эсептик көрсөткүчтөр 100 пайызга аткарылганын кошумчалады.
"Күз-кыш мезгилинде авариялык абал жаралбаса эле "Түндүк электр" ишканасында свет үзгүлтүккө учурабайт. Ал үчүн планга камтылган жумуштарды аткарып чыктык. Андан сырткары 10 айдын жыйынтыгында бардык эсептик көрсөткүчтөр 100 пайызга аткарылды жана жоготуунун нормадагы көлөмү 2,4 пайыз болсо, учурда анын көлөмү 12,3 пайызды түзөт. Бул техникалык жоготуу деп саналат", - деди Кадыркулов.
Башкы директор ишкана күз-кыш мезгилинде тапкан киришесин жайкы оңдоп-түзөө жумуштарына гана жумшап эч кандай пайда таппай жатканын кошумчалады.
"Биз "Электр станциялары" менен "Улуттук электр тармактары" ишканасынан саатына бир киловатт электр энергиясын 79 тыйындан сатып алып, элге саатына 700 киловаттка чейин 77 тыйындан сатабыз. 700 киловаттан ашкандан кийин гана баа жогорулайт. Бирок жайында эл электр энергияны 700 киловатт сааттан ашык пайдаланбагандыктан, эч кандай киреше таппайбыз. Күз-кыш мезгилинде гана бир аз киреше түшөт. Аны дагы жайкы оңдоо иштерине жумшайбыз", - деди Кадыркулов.