СУПЕРСТАН: "Кайненем жумуштан келип идиш жууп, тамак жасаса уялып кетем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бала менен бардыгына кантип жетишсе болот?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Салам, айымдар! Бала багуу, үй иштери, тамак-аш, дегеле бүтпөгөн тирилик менен кандай жетишип жатасыңар? Бардыгы идеалдуу болуп жетишесиңерби, жолдошуңар тараптан жардам болобу? Удаа төрөгөндөрчү? Дегеле бир күн кандай өтөт, эмнеге жетишесиңер, эмне кылынбай калышы мүмкүн дегендей. Тажрыйбалуу апалар силерде кандай?" - деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Менин бир балам менен эле кечке ызылдап ишибиз бүтпөйт, жолдошум келгиче тамак даяр болсун, үй таза болсун деп далбастамай, ошого күйөөм да көнгөн. Кээде бир иш бүтпөй турса сүйлөнүп калат, баламды кичине карабай калсам өзүм да жаман боло берем. Ошол үчүн удаа төрөгөндөр кандай кылышат экен дегеним да".

- "Биз азыр балабыздын кыркын чыгаралы деп төркүндөбүз. Жакында кетебиз, барсак кантем, кантип үлгүрөм, баланы кантип карайм деп ойлонуп жатам...Чын эле кантип жетишсек болот? Эне боло электе баарына жетишсек, эми кантер экенбиз".

- "Менин балам ыйлаак. Бешикке бөлөсөм, терметип жанынан чыкпай отуруш керек. Эгер кичине ыйлаганда терметпей калсам токтобой ыйлайт. Бешиктен чечкенден кийин колума алып отурушум керек. Баары жумушка кетет, үйдө экөөбүз эле калабыз. Мурункудай иштерди жасаганга жетишпей калгам. Кээде кайненем жумуштан келип идиш жууп, тамак жасаса уялып калам. Көбүнчө кайненем иштен келишине баламды бешикке бөлөгөнгө даярдап турам. Жанында терметип туруңуз мен иштерди бүтүрө калайын деп кеч киргенде иш баштайм".

- "Азыр өзүбүзчө жашап, дагы бир балалуу болгонбуз. Эртеден кечке үйдө болсом да, кээде жетишпей калам. Жадакалса мурункудай күндө жалаяк жуумай деген жок. Азыр памперс эле колдонуп калбадыкпы. Баламды мектепке алып барып, алып келем. Кичинеси менен үй иштери эле, бирок мурункудай тың болбой, жалкоо болуп калгандаймын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Hadyja
2018-11-19 21:07:48
Женем,4баласы менен,баарына жетишет,садик,мектеп,уй жыйнамай,кечки тамак жасамай.Байкем кечинде уйго кирип,келгенде баары таза,даяр болот.
Женем аябай тын,жанын кечке тындырбай,ар бир жумушун оз очереди мн кылса,ар бир аялзаты жетишчудой.
Анан дагы базарга барып келгенге да жетишет
+3
Snejana
2018-11-20 00:32:35
Hadyja,жененер интернетке кирбейт го. Чынын айткыла.
0
Hadyja
2018-11-20 17:22:00
Snejana,интернетке кирет,кичинекей инимди уктатып атканда,анча-мынча 5-10минута эс-алганда
0
Snejana
2018-11-20 00:31:40
Телефон кармап, интернетке азыраак кирсенер эле жетишесинер. Ушинтип тема ачып, суроо калтырып, анан ар бир жоопту окуп, кайра жооп берип отура берсенер жетишмек беленер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан