Бүгүн,16-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйында аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз мамлекетинин мурдагы жарандарына өлкөдөн жер жана башка кыймылсыз мүлк алуусуна уруксат берүүнү сунуштады.
“Ата Мекен” фракциясы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, чет өлкөдө жашаган жана ал жактын жарандыгын алган Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы жарандарына мекенинен жер жана башка кыймылсыз мүлк алуусуна уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Бул көйгөй көптөн бери көтөрүлүп келет жана сыртта жүргөн мекендештер тарабынан да байма-бай айтылууда. Себеби алар башка өлкөнүн жарандыгын алгандыктан, иштеп тапкан акчасына Кыргыз мамлекетинен мүлк алууда көп көйгөйгө дуушар болуп келет. Эгер бул мыйзам ишке ашса, биринчиден, боордошторубуздун укугу корголот, экинчиден, өлкө экономикасына да салым болот”, - дейт Шыкмаматов.
Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов мындай сунуштун маанилүү маселе экенин белгилеп, бул максатта өкмөт тарабынан жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле ал расмий маалымат боюнча, Кыргыз мамлекетинин 800 миңден ашуун жараны эмгек миграциясында экенин билдирди.
Аталган мыйзам долбоору жакынкы аралыкта коомдук талкууга чыгарыла турганы фракция жыйынында белгилүү болду.