"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ош электр" ишканасы: "Оңдоо иштеринен улам Өзгөндүн Көлдүк, Мырзаке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында электр жарыгы өчүрүлдү"

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк, Мырзаке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканы тууралуу окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.

"Ош электр" ишканасы электр жарыгынын өчүрүлгөнү боюнча жооп берди. Анда оңдоо иштери жүргүзүлгөнү тууралуу айтылат.

"12-ноябрь жана 15-ноябрь күнү "Улуттук электр тармактары" ААКсы 110 киловатт жогорку чыңалуудагы "Жалал-Абад-Өзгөн", "Өзгөн-Кара-Кулжа", "Маңгыт" аба чубалгыларын оңдоо иштерин жүргүзгөндүгүнө байланыштуу Салам-Алик, Мырзаке, Маңгыт, Терек, Ой-Тал көмөкчү чордондорунда электр жарыгы өчүрүлгөн. Мындан улам Өзгөн районунун Көлдүк, Мырзаке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылында жана Араван районунун Керме-Тоо айылында электр энергиясы саат 8:00дөн 17:00гө чейин үзгүлтүккө учураган. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн "Улуттук электр тармактары" жана "Ош электр" ишканалары кечирим сурайт", - деп билдиришти аталган ишканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Takesha87
2018-11-16 20:31:52
кышка чейин алдын ала даярдык деген жок. Обязательно кышында очуруш керек
0
erjigit-e.15
2018-11-16 20:46:57
Элдерге окшоп же эскертуу бербейсинер. Тезек терип алгыла деп.
0
Saidochka
2018-11-16 22:39:29
Кышка дапдаярбыз дегендер Ким анда.тоок котуно келгенде какылыктайт...кыш тушкондо ондойсунарбы,жайы менен эчтеке кылбай. Хотя жайында деле ушул акыбал озгондо.эрте менен очот,кечке жок болот.кечки 5,6 дан кийин куйгузушот.бул адатка айланган корунуш бул жерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан