Мэрия: "Бишкектин тургундары кардан тазаланбаган көчөлөрдү сүрөткө тартып жөнөтүшсө болот"

Бишкекте унаа жолдорун, тротуарларды кардан, тоңгон муздардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30 атайын кар тазалоочу техника, 2 жүк ташуучу унаа, тротуарларды тазалоо үчүн 4 чакан трактор, жолду пайдалануу башкармалыгынан 20 жумушчу, 740 көчө шыпырган адамдар иштеп жатышат. Жолдорго 1393 тонна кум жана 131 тонна туз себилди.
Бишкек мэриясы кардан тазалана элек жерлердин сүрөтүн WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге жиберүүнү суранат:
- Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 997 927;
- Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 955 509;
- Мавлян Аскарбеков (Биринчи Май району) — 0555 666 096;
- Рустам Касымбеков (Свердлов району) — 0703 611 806.
Мындан сырткары 185 жана 1840 номерлерине чалып, билдирүү калтырууга болот. 1-ноябрдан тартып арыздар 1850 кыска номери аркылуу да кабыл алына баштаганы маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek.94
2018-11-17 12:10:27
Жетишпей жатышат байкуштар
0
Paol
2018-11-19 03:35:43
Айлыкты да ошого жараша толоп берсин да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан