Бишкектеги №38-окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын негизинде “Залкардын залкар жазуучусу Ч.Айтматов” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Иш-чара Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, улуттук баалуулуктарды, рухий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо максатында уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.
Ага Роза Айтматова, депутат Бактыбек Турусбеков, Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куламбаева, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Аида Ишеналиева, коомдук ишмерлер, мугалимдер жана тарбиячылар катышты.