Инстаграмды "даамдуу" кылган кыргыз кыз-келиндери

Инстаграмда белгилүү бир жаатта өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп келгендер арбын. Алардын арасында "даамдуу" баракчалары менен таанымал кыз-келиндер бар. Алар тамакты түрлөп жасоо, столдун үстүн кооздоо боюнча кеп-кеңештерин берип келишет. Тамак жасоо көп учурда аялдардын милдети катары эсептелет эмеспи. Бүгүнкү каармандар тамак-жасоону түйшүктүү эмес, ырахат тартуулоочу ишке айлантып алышкан. Буга чейин алар тамактын рецепти менен бөлүшүп келсе, бул жолу кожойкелер өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтышат.

Айдай Өмүралиева Балыкчы шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн. 4 баланын энеси. Учурда үй-бүлөсү менен Австрияда жашайт.

“Тамак жасоо - менин хоббим. Башында жеке блог болчу. Кээде тамактын сүрөтүн жүктөсөм, катталуучулар рецептин да сурап жаза башташты. Ошондон улам рецепт менен бөлүшүп, кийинчерээк түшүнүктүү болсун деп видео тартып баштадым. Кыргыздын тамагы менен Австриянын тамагында айырмачылык көп эле. Биз, кыргыздар камыр тамак, этке жакынбыз го. Бул жакта көбүнчө жеңил тамактарды жешет. Кечки тамакты жеңил эле жеп жатып алышат. Келечекте ресторан же бир кондитердик цех ачам деген деле оюм жок. Өз кесибим боюнча иштесем дейм. Бирок ашканада тамак жасоо хоббим болуп кала берет. Үйдүн кутун кармаган аялзаты демекчи, кыз-келиндерди убакытты туура пайдаланганга чакырам, ошондой эле изденип ар тараптан кызыгууну өрчүтүү керектигин айткым келет. Үйдө отурган аял эч качан үй жумуштары менен гана чектелип калбашы керек”, - деди Айдай Өмүралиева.

Айпери Медетова 34 жашта, 4 баланын энеси. “Кесибим боюнча бухгалтермин. Азыркы учурда иштеп, балдарымды тарбиялап, тамак жасоо боюнча өзүмдүн рецепттерим менен дагы бөлүшүп жетишип жатам. Тамактарды түрлөп жасоо менин аялдык милдетим, ал эми Инстаграмга жүктөө бул кыздарымдын кыялы. Бара-бара менин хоббим болуп калды десем жаңылбайм. Келечекке жакшы пландарым бар.

Кыз-келиндерден көп кат келет, алар канча аракет кылса да окшошпой жатканын айтышат. Ошолорго кененирээк үйрөтсөм, пайдам тийсе деген ойлор бар. Негизи кеңеш берип көргөн эмесмин, бирок бир нерсени жакшы билем, ар бир адам өзүнүн көңүлүнө жаккан нерсеси менен алектенсе сөзсүз кыялына жетет. Жасаган тамактарым боюнча азырынча катуу сын уга элекмин. Жалаң гана жакшы ой-пикир, ыраазычылык угуп бактылуу болуп жүргөн кезим", - дейт ал.

Айчолпон Муратова 1989-жылы туулган. 3 уулун тарбиялап келет. "Кесибим экономист. Ал эми ашканада тамак жасоо - менин сүйүктүү хоббим. Таттууларга көп басым жасайм, эмнегедир көбүрөөк кондитер чөйрөсүнө кызыгам. Жасаган тамактын кооз болгону да, даамдуу болгону да маанилүү. Тортту жасап же кооздоп жаткан учурда, өзгөчө кремди тортко сүйкөп жаткан кезде аябай ырахат алам. Манты, оромо жасагандан качам. Иши аябай эле майдадай сезиле берет, анан камыр жайгандан зеригип кетем. Кулинария жаатында эч жерде окуган эмесмин, мастер-класстарга да барган эмесмин. Бирок келечекте үйрөнүп, ушул жаатта өнүксөм дейм. Кызыгууң болсо колдон келет экен. Интернет булактарынан, китеп-журналдардан көрүп жасап көрүп үйрөнүп алдым.

Келечекте торт, пирог жана башка таттуулардын түрүн үйрөнүп, кыз-келиндерге үйрөтүүнү каалайм. Үйдө отурган кыз-келиндерге айтарым, эң башкысы жүрөгүң эмнени кааласа ошону жасаш керек. Өзүңө жаккан жумушту жасасаң чарчаганды да билбейсиң. Ошондо гана ийгилике жетесиң деп ойлойм. Алдыга умтулуп, коркпой аракет кылса баары жакшы болот. Ашканада мен үчүн эң оор маселе – бул кечинде кандай тамак жасайм деген суроо. Аны эртең менен эле ойлонуп баштайм", - дейт Айчолпон Муратова.

Акзуура Бекерова 1991-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Ал биринчи жолу 3-класста окуп жатканда картошка кууруганын айтат. "Өзүм ойлоп тапкан жана фантазияма карап жасаган тамак өтө көп. Бизде тамак дайыма 5 порция жасалат, бир отуруп жегенге эле жетет, ашпайт деле. Тартылган видеолордо көп жасалгандай көрүнөт окшойт. Үйдө бар азык-түлүктөрдөн деле даамдуу тамактарды жасаса болот. Үйдө отурган кожойкелердин көпчүлүгү жаш балалуулар. Хоббисин табуу үчүн сөзсүз түрдө окуу шарт эмес.

Кулинария жаатында окуган эмесмин. Тамактарды фантазияга жараша кооздоого аракет кылам. Сүйгөн нерсе менен күнүмдүк жашоодо да алектенсе болот деп айткым келет. Келечекте кулинария боюнча окутуу курстарын, чач жасалгалоо, массаж өңдүү өнөрлөрдү үйрөтүүчү жай ачкым келет. Кечинде кандай тамак жасасам деген ой ар бир кожойкеде эле болсо керек. Кайсы тамак болбосун даамдуу жасап үй-бүлөмдү кубантканга аракет кылам", - деди Акзуура Бекерова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Aznazalai
2019-02-10 18:27:58
Келинчек Зара деген да келин бар.Ошону да чынарсанар болмок.Ото кызыгам озун коргонго.Тамактары ото сонун
+6
gulzat85
2019-02-10 19:28:23
Айдай кыйын бары бир.таза тыкан.
+11
tatynam_88
2019-02-10 19:52:07
Aidaiott кыйын .тыкан,таза,маанилуу,тушунуктуу.
+8
raykray
2019-02-10 20:16:34
Бизде кобунчо куурулган чылкылдаган май тамактар, мен негедир май курулган сайын ууга айланарын окугандан бери коркуп калдым кобурок жашылчалардан дагы бир жолдорун (бууга,кактап)кобурок корсотушсо дейт элем. А бул эжелерге ден соолук колдоруна береке каалайм))
+4
zevs
2019-02-10 20:54:33
Suyunup ketipmin azyr jylanach kyzdardy korot ekem dep. Instagramdy achsan ele jylanach kyrgyzdyn kyzdarygo
-17
bond02
2019-02-10 21:11:59
Бар болгула кыргыз кыздары, колунар дарт корбосун. Жегенге жанынарда дайыма биз бололу.
+7
biznes
2019-02-10 21:19:19
Айдай, Акзуура эжелер экс-форумчулар)
+2
gulzar_gulu
2019-02-10 21:30:26
biznes, "экс" эмес, дино десең жарашчудай.))
+1
Safiya91
2019-02-10 21:33:12
Баарынар сонунсунар. Ар дайым дасторконунар нан толуп турсун. Айдай эженин тамактары озгочо жагат.
+5
zema.n
2019-02-10 22:52:54
Акзуура эжени тамактары озгочо жагатт... жонокой жана тушунуктуу
+3
ulua
2019-02-10 23:36:40
Айдайотт мн Акзуураны коп карайм тамактары жагат, Айдайотт шайыр дагы аябай, озу да жагат
+6
jaskaaa
2019-02-11 01:38:37
Акзуураны коруп бир тууганымды коргондой суйундумгоо. Азамат уйдо отуруп тамак жасап деле хайп кылса болот экенда.Баардык аялзаатына ийгилик.
+3
aidinaernur
2019-02-11 05:43:25
Айдай биздеги Айдашкабы?
+1
Shaa-82
2019-02-11 10:09:39
aidinaernur,Айдайотт дегени болсо керек адашпасам.
+1
rnurzida
2019-02-11 13:38:30
aidinaernur, ооба Айдашка эже.
0
zhaku2017
2019-02-11 10:54:05
Бар болгула кыздар. Озунорго тын болгула
+1
Elyahon555
2019-02-11 11:24:51
Айдай эженин рецепттери эн оригиналдуу жана супер. Эн сонун, даамду жана кооз. Озу да шайыр, Жонокой эжеке. Баарын соонун тартып, жеткиликтуу кылып чыгарат. Эки тилде тушунуктуу кылып жазып берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан