Лейлекте ок тийген айылдык кеңештин депутаты каза болду

Баткен облусунун Лейлек районунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баянов каза болду. Аны 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен эле. Маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы ырастады.

Айылдык кеңештин депутатын шектүү артынан мергенчиликте колдонулуучу бытыра менен атканы айтылган эле. Ок анын жоон ичегисин катуу жабыркатып, бытыранын бирөө көзөп өтүп, төртөө ичинде калган. Маркумдун артында 3 баласы калды.

Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кубанычбек Баяновду атып кеткен адам кармала электиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sumaika
2018-11-17 18:31:51
Абалы орто деп жаздынар эле го..Кумондуу ойлор коп..Жаткан жери жайлуу болсун.
+6
aijan.borkoshova
2018-11-17 19:08:52
Авамдын жаткан жери жайлуу болсун!Табылбайт аткан адам.Ким экенин бир гана Кубаныч ава өзү менен аркы дүйнөгө алып кетти.Калп эле адамды сурак кылып отурат менттер!Балдарын ойлободубу бекен аткан макулук?Бир гана элеси жүрөгүбүздө кала берет.Жакшы жигит болчу.
+2
batleybesh
2018-11-18 13:31:02
aijan.borkoshova,бул кайсы кубаныч,кайрат деген бир тууганы бар беле
0
Alixan-Nookat.2015
2018-11-17 19:29:08
Жакшы жигит болчу жакшы адамдын өмүрү кыска болот экен. Жаткан жери жайлуу болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан