Лейлекте ок тийип каза болгон айылдык кеңештин төрагасынын сөөгү жерге берилди (фото)

Баткен облусунун Лейлек районунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Баянов бүгүн, 17-ноябрда эртең менен ооруканада каза болуп, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек районунун акиминин орун басары Абдикасыт Исаев билдирди.

Белгилүү болгондой, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты ал өзү жашаган Жаңы-Жер айылында болду. Ага анын жакындары, тууган-уругу жана айылдаштары катышты. Маркум 32 жашта болгон, анын артында жубайы жана 3 баласы калды.

Саат 17:00 чамасында маркум жерге берилди.

Айылдык кеңештин төрагасын шектүү артынан мергенчиликте колдонулуучу бытыра менен аткан. Ок анын жоон ичегисин катуу жабыркатып, бытыранын бирөө көзөп өтүп, төртөө ичинде калган. Учурда кылмышкерди издөө иштери улантылууда.

Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28, 97-беренеси менен кылмыш иши козголгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kani-esen
2018-11-17 20:15:12
Бытыра кандай курал?
0
Bars88
2018-11-17 20:24:06
kani-esen,Чачма ок
+1
asdef
2018-11-17 21:27:30
kani-esen,Орусча дробовик кыргызча чачма
+1
Gulnyr19
2018-11-18 11:06:15
Санавиация менен Бишкеке алып барса болбойт беле кантсе да ал жактын врачтары күчтүүрөөк
+1
Medina87
2018-11-18 11:19:55
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан