Жалал-Абадда мейманканага "эс ала турайын" деп кирген аял эртеси күнү жансыз абалда табылды

Жалал-Абад шаарындагы мейманканага "эс ала турайын" деп кирген аял эртеси күнү жансыз абалда табылды. Иликтөө иштеринин алкагында ал өзү каза болгону аныкталганын бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү саат 08:30 чамасында 40 жаштагы Т.Т. аттуу Сузак районунун тургуну шаар ичиндеги мейманканалардын бирине келип, бош бөлмө сураган. Ал өзүн начар сезип жатканын жана түшкө чейин уктап, эс алышы керектигин айткан. Эртеси күнү мейманкананын кызматкерлери саат 12:00 чамасында ал аял жаткан бөлмөнү текшерүү үчүн эшигин ачышкан. Анын жансыз абалда болгонун көрүп, бул тууралуу милицияга билдиришкен.

"Аталган мейманканага милиция кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүштү. Мейманкананын кызматкери ал аял мас абалында болгонун билдирди. Кийин алынган видеолор да иликтенип, ал аял кирген бойдон сыртка чыкпагандыгы аныкталды. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, маркум өзү каза болгон. Эртеси күнү анын денеси жакындарына өткөрүлүп берилди", - деп айтты ОИИБдин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Zhoro
2018-11-18 15:40:35
Тооба ары жагын женил кылса экен ушундай олумдон озун сакта жаратуучум
+10
Zhoro
2018-11-18 15:42:41
Башкалар да ойлонушса экен арак ичкен абалда адамдын ыйманы которулуп турат дейт аалымдар
+6
aman0296
2018-11-19 01:00:20
Мейманканага эмес орууканага барса , балким аман калмак.
+2
Asyl10
2018-11-19 16:04:29
Эмнеге арак ичсе эле олуп калган? арак самопал болгонбу же отравление болгонбу? Ооруканага барса дарыгерлер ичипсин деп урушуп, карабай коюшат деп ойлоп, уктап,эс алып алсам жакшы болом деген ойдо кирсе керек да.40 жаштагы аял болсо, жаш эле экен. Кимдер менен эмне ичкенин аныкташ керек да эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан