Сузак районунда көз жарган 16 жаштагы эки жаш эненин турмушка чыккандарына 1 жылдай убакыт болуп калган

Сузак районунда октябрь айынын аягында көз жарган 16 жаштагы эки жаш эненин турмушка чыккандарына 1 жылдай убакыт болуп калган. Учурда бул фактылар боюнча териштирүү иштери улантылып жаткандыгын SUPER.KG порталына облустук милициядан бүгүн, 18-ноябрда билдиришти.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жаш энелер 1 жылдан бери күйөөлөрү менен жашап келгендиги аныкталды. Алардын берген түшүндүрмөлөрүнө ылайык, алар той менен никеси кыйылып турмушка чыгышкан. Жашы жете электигине байланыштуу расмий түрдө баш кошушкан эмес. Учурда чогултулган материалдар прокуратурада иликтенүүдө", - деп билдиришти милициядан.

Эки кош бойлуу келин 25-октябрь күнү Сузак районунун аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келип жаткырылган. 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү алар көз жарган. Алардын жашы жете электиги 31-октябрь күнү төрөт үйүнөн чыгып жаткан учурда гана аныкталган. Кыздардын бири Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну, ал эми экинчиси Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
atanazarov10
2018-11-18 17:44:48
Өзбек туугандар булар. Норммально териштирилбесе булар акча берип бутуруп коёт.
+4
KG.Kushtarbek
2018-11-18 22:34:36
Жаш еле ошо турмуштун ешек арабасын тартып гулдой жаштыгынарды олтуруптур ата ененер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан