Ошто терезе тазалап жатып 2-кабаттан кулап каза болгон аял ооруканада 30 жыл бою тазалык кызматкери болуп эмгектенген. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
"Оорукананын 2-кабатынан терезе тазалап жатып, кулап каза болгон 54 жаштагы О.Т. аттуу аял ооруканада тазалык кызматкери болуп 30 жылдан бери иштеп келген. Окуя болгон күнү ал терезенин сыртын тазалап жатып кулап кеткен. Башы менен асфальтка түшүп, оор жаракаттан улам каза болгон. Аны палатада жаткан бейтаптар да көргөн, алар суракка алынган. Бүгүнкү күндө окуя кокустук катары катталып, иликтөө иштери улантылууда", - деп билдиришти милициядан.
Эске салсак, каргашалуу окуя 16-ноябрь күнү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын экинчи кабатындагы палаталардын биринде орун алган.