Үч-Коргон ГЭСинде авария болуп, генератор өчүп калды. Бул маалыматты "Электр станциялар" ишканасынын басма сөз кызматы тастыктады.
"Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-ноябрда Үч-Коргон ГЭСинде 45 мегаватт чыңалуу күчү бар №2-гидроагрегат өчүп калган. Анда стартордун айланасындагы тетик жарактан чыккан. Запаста бардык тетиктер бар. Электр энергиясын колдонуучуларга аталган авария эч кандай таасир этпейт, анткени резервдеги энергиянын чыңалуу күчү 259 мегаватт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Калган станциялар штаттык режимде иштеп жатканын жана эч кандай маселе жок экенин басма сөз кызматы кошумчалады.