Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрт Парадайс шаарын күлгө айлантты. Кырсыктан сүрөт жана видео

АКШнын Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрт Парадайс шаарын толугу менен күлгө айланткан. Өрт жалмаган аймактын көчөлөрүнөн тартылган видео, сүрөттөр интернет желесине тарап, андан миңдеген үйлөр, унаалардын күйүп жатканын көрүүгө болот.

Учурда өрт Малибу, Калабасас жана Агаура шаарларын каптаган.

Ал эми кырсыктан каза болгондордун саны 79га, дайынсыз жоголгондордун саны 1276 адамга чейин жеткенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккан.

Калифорниядагы бул өрт штаттын тарыхындагы эң ири кырсык катары эсептелүүдө. Кырсык 8-ноябрь күнү башталган. Бардык коркунуч жаралган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Umakg
2018-11-19 11:35:51
Кудай сактасын ортон
+7
Umakg
2018-11-19 11:36:53
Кайсыл жерде зына иштер коп болсо ошол жерде орт ж.б иштер коп болот деп угуп журом......
+5
artur999
2018-11-19 12:34:30
Umakg, анда эмнеге бишкекте зынаа сауналар, эмнеге алар ортонбойт? Бул кырсык, кырсык каалаган жерде болот, бир эле Американы куноологонго болбойт, ал жакта да бизге окшогон карапайым эл жашайт.
+12
monster_high_98
2018-11-19 11:37:05
Ушул убакка чейин эмнеге очурулбой??
0
Letchik-bolgum-kelchuu
2018-11-19 12:20:59
Бизде деле Жер көчүп басып калып, самолёт басып калып жуздогон адамдар өлдү, жаш балдар өлдү. Ошолор да зына көп кылганбы? Муну кырсык дейт. Кырсык каалаган жерде, каалаган убакта боло берет. Кээ бир дабдырлар Американы табалап жатышат.
+9
daniel87
2018-11-19 12:51:01
Олкобуздогу динний сабатсыздыктын айынан, экстремисттик, радикалдардын онугушуно оболго тузуп, жол ачат! Бул олко учун ото кооптуу жана коркунучтуу! Кырсыкты да кайсы бир динге байланыштыруу, табалагандык бул адамдык касиеттин жоктугу
+2
Bolunbo.kyrgyz
2018-11-19 13:16:21
Мусулман элин ит аткандай болмбалап койбодуңар эле мына кудай силерди тирүүлөй өрттөп жатат кудай күнөөсүз адамдарды сактасын
0
Letchik-bolgum-kelchuu
2018-11-19 13:27:11
Bolunbo.kyrgyz, Ал жерде 80 дей адам өлүптүр. А Индонезия мусулман өлкөсүнө эмне дейсиңер 189 адам учак кулап өлдү? Алар да мусулмандарды бомбалаганбы? Өлүп кеткиле эми кырсыкты да динге, улут улутка бөлүп. Мүмкүн Парадайсда өлгөндөрдүн ичинде мусулмандар, жаш балдар да болгондур. Аны ойлонуп корбодунорбу?
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан