Социалдык фонддун 2019-жылкы бюджети быйылкыга салыштырмалуу 2 миллиард сомго көп бекитилип жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.
Депутат Сайдулла Нышанов Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Ирсалиевден канча маяна аларын сурады.
"Мамлекеттик кызматкер катары мага 23 миң сом которулат. Ал эми региондордогу кызматкерлер 6-9 миң сомдун тегерегинде алат. Быйыл муну 15 пайызга көтөрөлү деп жатабыз", - деди Ирсалиев.
Ирсалиев 2018-жылы Социалдык фонддун кирешеси 51 миллиард сом, чыгашасы 50 миллиард сом экенин кошумчалады.
Нышанов кызматкерлердин айлыгын көтөрмөйүнчө коррупцияны жоюуга болбой турганын айтты.