Социалдык фонддун төрагасы: "Мекеменин саясаты ушул темпте кетсе, 2-3 жылдан кийин кризис башталат"

Медер Ирсалиев"Мекеменин саясаты ушул темпте кетсе, 2 жылдан кийин кризис башталат". Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Ал учурда пенсионерлердин саны жогорку темпте өсүп жатканын айтты.

"Пенсионерлердин саны тынбай өсүп жатат. Майыптардын саны да тез өсүүдө. Жылдан-жылга ушинтип өсө берсе, биз болсо бүгүнкү саясатыбыз менен кете турган болсок, 2-3 жыл гана каражат бере алабыз. Кийин кризис башталат", - деди ал.

Депутаттар Ирсалиевге саясатты жакшыртуу боюнча сунуштарды алып келүүсүн сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан