"Иштеп жаткан пенсионерлер тууралуу депутаттын сыны боюнча кандай пикирдесиз?" Мындай суроону депутат Руслан Казакбаев социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге берди.
Казакбаев кесиптешинин иштеп жаткан пенсионерлер боюнча айткан сунушу туура эмес чагылдырылып кеткенин кошумчалады.
"Ал бардык пенсионерлерди айткан жок. Сөз Бажы кызматы менен Каржылык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө карата айтылды. Алар жаш туруп эле пенсияга чыгып, 50-60 миң сом пенсия алып жатат. Сиздин ушуга пикириңиз кандай?" - деди Казакбаев.
"Бир эле жолу бар. Менимче, пенсияга чыгуу жашын гана жогорулатып коюш керек", - деди Ирсалиев.
Буга чейин депутат Таабалды Тиллаев иштеп жаткан пенсионерлер тууралуу сын айткан.