"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкектеги Ауэзов көчөсүндө өрттөнүп кеткен жүк ташуучу унаа өчүрүлдү"

Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына КамАЗ унаасы өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалыматты билдирип сүрөт жана видео жиберген.

ӨКМнын басма сөз кызматынын билдиргенине ылайык, өрт өчүрүү кызматына билдирүү саат 9:30да келип түшкөн.

"Бишкек шаарынын Ауэзов көчөсүндө жүк ташуучу унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшөрү менен 1 өрт өчүрүүчү унаа окуя болгон жерге чыккан. Ал эми саат 10:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрт эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда", - деп билдирди маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан