Бишкек шаарында өткөрүлгөн "Камкордук" рейдинин алкагында туруктуу жашоочу жайы жок 100 бала аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган рейддин негизги максаты - оор шартта жашаган, кароосуз калган, тилемчилик кылган жашы жете элек балдарды аныктоо болуп саналат. Рейддин алкагында соода жайлары, жер төлөлөр, жылуулук өтүүчү жайлар, компьютердик клубдар текшерүүгө алынган.
"Мындай рейддер жакшы жыйынтык берет. Себеби ал балдардын ата-энелери милициянын көзөмөлүндө турганын билип жашоо-шарттарын оңдоого, балдарын жакшыраак кароого аракеттенишет", - деп айтылат маалыматта.
Жалпы санынан рейдге ички иштер органдарынын 307 кызматкери жана 75 өкүлү тартылган. Жашы жете элек балдар көп чогулган 14 базар жана соода жайлары, 40ка жакын жер төлө жана жылуулук өтүүчү түйүн, 80 компьютердик клуб текшерилген. Натыйжада оор жашоо-шартта жашап жаткан 1, кароосуз калган 20, ата-энеси тарабынан көзөмөлсүз калган жашы жете элек 24 бала, кылмыш жасоого тиешеси бар 6, туруктуу жашоочу жайы жок 100 бала аныкталып, алардын 31и тиешелүү мекемелердин каттоосуна алынган.