Нарын районунда 46 жаштагы Турат Бейшеналиев изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын туугандары билдирди.
Маалыматка ылайык, Турат Бейшеналиев 1972-жылы туулган. Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында жашап келген.
"Тууганыбыз Кыр-Жол кыштоосунда классташынын малын багып эмгектенген. Өзүнүн үй-бүлөсү жок. Классташынын айтымында, акыркы күндөрү Турат көздөрүнө ар нерсе көрүнүп жатканын айтып жүргөн. 28-октябрда айылга кеттим деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз", - дейт Бейшеналиевдин жакындары.
Турат Бейшеналиев жоголгон күнү кара түстөгү шым, күрмө жана кышкы бут кийим кийип жүргөн. Ошондой эле башында кара түстөгү баш кийим болгон.
Изделип жаткан жаран жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ адамдар 0705 119 456, 0701 422 888 номерлери аркылуу байланышса болот.