Тойлордо мыйзамсыз кызмат көрсөтүп жүргөн ырчы-чоорчулар менен сүрөтчүлөргө айып салынды

Кыргыз өлкөсүндө той-аштарда мыйзамсыз кызмат көрсөтүп жүргөн ырчы-чоорчулар менен сүрөтчүлөргө айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, тойдо кызмат кылып жүргөн тамадалардын, ырчылардын, бийчилердин, сүрөтчүлөрдүн жана операторлордун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү жана ыктыярдуу патенти жок болгон.

"Тиешелүү документтери жок 44 тамада, 36 сүрөтчү, 6 музыкант, 13 видеостудия жана 10 бий тобу тойлордо кызмат көрсөтүп жүрүшкөн. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн 2 айлык рейддин жыйынтыгында кызмат көрсөткөн жалпы 320 субъект текшерилген. Бул убакыт аралыгында 769 миң 200 сомго 211 патент берилген", - деп жазылат маалыматта.

Салык кызматынын билдиргенине караганда, тойлордо кызмат көрсөткөн тамадалар, музыканттар, бий жана актёрдук топтор айына 500 сомдон 2 жарым миң сомго чейин салык төлөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
RusMos76
2018-11-19 17:56:37
Патент арзан эле экен го алып эле койгула да тынчыраак, добушунар дагы бийигирээк чыгат
+9
Chagylgan2
2018-11-19 18:01:47
Адилетсиздик го?! 500 сомго ырдаган жаны ырчы да 2000 сом патент толосо, 500$га ырдаган Самара, Анжелика да 2000 сом салык толосо......

Тушкон кирешелерин болжолдуу эсептеп, ошонун 10% кылып патент киргизсенер болбойбу?!! Самара мисалы бир айда бери болгондо 2млн сом акча табат. Ага как минимум 200 мин сомдук патент толотуш керек ар ай сайын.....
+13
atanazarov10
2018-11-19 18:01:58
Фонограма 4 ырды ырдашып 300$ алышат. 30% мамлекетке токтуруш керек.
+10
Atas
2018-11-19 18:20:39
Жандуу ун менен ырдабаган ырчыларга да салыкты 10000 ден 15000 сомго чейин салык салыш керек
+10
Chagylgan2
2018-11-19 18:41:04
Atas, анда деле ырдай берет да, 10-15мин сомду бир ырдаганда таап жатса ашыгы менен....

Эн туурасы, фонограмма менен ырдаган ырчыларга аш-тойго барып ырдоого, концерт откорууго, концерттерге катышууга тыю салуу керек. Мисалы биринчисинде 1 ай, кайталанса 3 ай, учунчусундо 1 жылга тыю салып дегендей.....
+5
Дарыгер
2018-11-19 19:06:14
Алар толобосо деле болот. Мамлекет эмне каражат болуп кайсы ырчыны же тамаданы колдоп койду эле
-4
Chagylgan2
2018-11-19 20:07:56
Дарыгер, мамлекет колдобогону менен, шоу бизнес тармагындагы ырчы чоорчулар ай сайын миллион миллионго чейин акча тапса боло турган шарт бар. Мамлекет аларды козомолго алып тескеген жери жок. Ошого кутуруп жатышат. Бир тойго барып фонограмма менен 1-2 ыр ырдаганына 1000 долларга чейин алышат. Бул тармакты тартипке салуу керек. Анан калса казынага бир тыйын салык толобогондорго эртен мамлекет мугалим, врач ж.б. акчасынын эсебинен пенсия толосунбу?!
+4
Дарыгер
2018-11-19 21:10:43
Chagylgan2,акчанарды уурдвп алып жатабы. Же зордуктапбы??? Кызматы менен таап жатат))))
-3
Chagylgan2
2018-11-19 22:01:11
Дарыгер, кичине ойлонуп анан жазып журчу. Мисалы ырчылардын балдарын ким окутат, ооруканада ким карайт?! Мугалим, врачтар. Аларга маянаны ким толойт?! Ошол мугалим, врачтардын арзыбаган акчасынын бир болугу кайра салык болуп кармалып казынага тушот. Ишкана кирешелеринен салык, бажы толомдору болуп чогулган акчанын бир болугу кайра эле билим беруу, саламаттыкты сактоо ж.б. болунот. 5000 сом алган мугалим Окмотко салык толоп жатса, ырчы-чоорчулардын салык толобогону кандай?!
+3
Chagylgan2
2018-11-19 22:04:49
Дарыгер, ошол ырчы чоорчулар уялбай балдарын садикке берет, мектепке берет, ооруканага алып барат. Ошолорду тейлоого карапайым элдин акчасы кетет да, ошолордун акчасынын эсебине жашагандан уялышпайбы ырчы-чоорчулар?!

Сенин дуконун болсо Окмотко салык толойсунбу, толойсун. Пусть ырчы-чоорчулар да салык толошсун...

1000-2000 сомдук патент дегени мазактообу?! Ар ким тапкан акчасынын 10% толосун Окмотко... Мугалим, врачтар 18% толоп келет арзыбаган маянасынан...
+3
Boha1
2018-11-19 20:00:30
Айгерим Расул кызы күнүнө 100 000 сом табам дегендей кылып жатты беле? Ал 20 сом бергендей эле экен да
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан