Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 19-ноябрда интернеттеги өздүк баракчасына аны Ак Үйдүн ичиндеги лифтте белгисиз эркек кучактаганын жазып чыкты.
Эл өкүлү коомчулук мындай иштерди көңүл сыртында калтыргандыктан, кылмыш жоопкерчилигине эч ким тартылбай келгенин айтты.
"Лифтте белгисиз адам келип кучактап баштаса, таң калып калдым. Бүгүн депутаттык төш белгимди тагынган эмес элем. Парламентке сырттагы мамлекеттик мекемелерден келген орто деңгээлдеги аткаминер окшойт. Эгер мен бул маселени көтөрүп чыксам, элде "депутат көтөрүп чыкканга мындан башка маселе жокпу?" деген сөздөр пайда болот", - дейт Эльвира Сурабалдиева.