"Эйр Кыргызстан" компаниясынын бүгүнкү абалы кандай?" Мындай суроо менен депутат Алтынбек Сулайманов жарандык авиациянын жетекчисине кайрылды.
Эл өкүлү бул компаниянын банкрот болушуна жетекчисинин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтты.
"Эйр Кыргызстандын" 49 пайыз акциясы чет элдик компаниялар үчүн сатыкка коюлган. Компания банкрот болбойт. Бирок карызы бар. Бул компаниядан бардык багыттарга учактар уччу. Азыр токтоп турат", - деп жооп берди жарандык авиациянын башчысы.
Сулайманов "Ачык асман" долбоорун азыр кабыл албаса, келечек-муун сөзсүз кабыл аларын айтты. "Эмнеге банкрот эмес деп жатасыңар? Каттамдар токтотулса "Эйр Кыргызстан" банкрот болот да. Аэропорттордон, авиакомпаниялардан карызы бар экен го", - деди Сулайманов.
Учурда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "Аба кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү экинчи окууда каралууда. "Ачык асман” - бул чет элдик авиакомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат.