"Ачык асман" саясатын баскычма-баскыч ишке ашыруу керек. Мындай сунушту депутат Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Ал алгач каттамдар жок болуп жаткан түштүк-чыгыш Азия мамлекеттерине, Европанын тийиштүү өлкөлөрү менен келишим түзүүнү сунуштады. "Негизинен каршы эмесмин. Шашпай ишке ашырсак туура болмок. Каршы пикир айтып жаткан Улугбек Ормонов экөөбүздү лоббист деп ойлобогула. Жарандык авиацияга мүмкүнчүлүк беришибиз керек эле", - деди Сыдыков.
Буга чейин депутат Улугбек Ормонов долбоорду колдобой турганын айткан.
Учурда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "Аба кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү экинчи окууда каралууда. "Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат.