Токмокто кулпуланып калган үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Токмок шаарында 58 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрь күнү саат 14:55 чамасында аталган министрликтин куткаруучулары Жантаев көчөсүндөгү №27 үйдөгү батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачууга барышкан. Эшикти ачып киришкен учурда батирдин ичинен 58 жаштагы Г.В. аттуу эркек адамдын жансыз денесин табышкан. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин айтылган дарекке чакыртылган милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан