Ноябрь айында Маданият-Жалал-Абад жолунун курулуш иштери башталды. Бул туралуу парламенттик комитеттин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов айтты.
Депутат Бактыбек Сыдыков аталган жолдун курулушу кечигип кеткенин айтты.
"Учурда жер алдына түтүктөр коюлуп баштады. Жергиликтүү эл менен такташуулар бүттү. Жумуш ноябрда башталды. Кайсы жеринде иш жүрүп жатканын так айтышым үчүн сизге кагаз түрүндө жооп берип коёюн", - деди Калилов.
Буга чейин транспорт жана жолдор министри 11-июнда азербайжандык "АZVIRT Limited Company" компаниясы менен кол коюлган келишимдин алкагында жол курулуш техникасын жана жабдууларын мобилизациялоо иштери башталганын айткан.