"Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу 2010-жылдагы эл аралык кооптуу окуядан кийин пайда болгон". Мындай маалыматты транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов парламенттик комитеттин жыйынында айтты.
Комитеттин төрайымы Махабат Мавлянова 1 миллиард долларга чапчыган бул курулуштун кандай пайдасы бар экенин сурады.
"Курулуш бүтсө Тогуз-Тородогу Макмал алтын кенине, жол боюнда жайгашкан Камбар-Ата ГЭСине, Кара-Кече, Миңкуш көмүр кендерине жакшы болот. Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун курууга да пайдасы тиет. Жумгал, Кочкор, Казарман аймактарынын карым-катнашы жакшырат. Түштүк аймактын жашоочуларынын Ысык-Көлгө тез келип кетерин камсыздайт. 4 чакырымдык бардык шарты бар тоннель да курулууда", - деди министр.