Аянычтуу тагдырга туш болуп, үмүттүн шооласы көздөрүндө жанып турган Изат менен Кубанычбек - бир туугандар. Төрөлгөндө башка балдардан айырмаланчу эмес, бирок убакыттын өтүшү менен улам сыркоолоп жатып ага-ини шал оорусуна кабылып, буттары баспай калган.
Тагдырдын оор сыноосуна туш болгон Мээрим Султанбек кызынын айтымында, 2011-жылы акча таап, аларды баккан жолдошу каза болуп калган.
"Жараткан маңдайга ушундай нерсени жазган экен. Эки балам жакшы чоңоюп келе жатып эле бири 8 жашка, бири 7 жашка чыкканда буттары баспай калды. Жалгыз жөлөк-таяк болуп жүргөн жолдошум да оорудан улам көз жумду. Ошондон бери балдарымды жалгыз карап келе жаткам. Алар такыр баса алышпайт, өз алдынча тамак иче албайт жана дааратканага да бара алышпайт. Чоңойгон сайын балдарды көтөрүү кыйын болуп, өзүм да белимди оорутуп алдым", - дейт бир туугандардын апасы.
Мээрим Султанбек кызы 2015-жылы кайрадан турмушка чыккан. Бул жолдошу балдарын караганга жардам берип, чоң көмөк көрсөтөт.
"Эки уулумдан башка 3 кызым бар. Экөө мектепте окуйт, эң кичүүм 1 жашта. Жолдошум балдарды караганга өтө чоң жардам берет, балдарым аны ата дешет. Кубанычбек менен Изат буттары баспай калганга чейин мектепке барып, жакшы деген бааларга окушчу. Эми күнү-түнү, жайы-кышы дебей үйдө отуруп калышты. Балдарым башка балдардай эле баскысы келет. Кубанычбек футболчу болууну кыялданат. Балдарымдын көз каранды болуп, жалдыраган көздөрүн көргөн сайын жанымды коёрго жер таппай кетем. Сураштырсак эгерде балдарымды Москва шаарындагы клиникалардын бирине алып барып дарылатсак басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Муну уккандан бери балдарымдын үмүтү жанып, буюрса, басабыз деп жатышат", - дейт Султанбек кызы.
Чоң үй-бүлө азыркы тапта 2 бөлмөлүү батирде турат. Батирдин ээси колумдан келген жардам болсун деп ижара акысын албайт.
Мээрим Султанбек кызы колунда бар адамдардан 2 баланы дарылатуу үчүн каражат топтоого жардам сурайт.
Элсом 0771 64 30 83
Байланыш номери 0771 64 30 83.