Балыкчыда изделип жаткан 30 жаштагы Уланбек Чокморов табылды

Балыкчы шаарынын 30 жаштагы тургуну Уланбек Чокморов табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын бир тууган агасы Алмазбек Чокморов билдирди.

Чокморовдун айтымында иниси кечээ, 19-ноябрда Түп районунан табылган.

"Инимди көрүп-билгендер байланышка чыгып, түнү аталган райондон таап келдик. Эмнеге жоголуп кеткенин, каякта жүргөнүн жакшы айта албай жатат. Бүгүн болсо түшүмө пайгамбар кирип, ошол адамдын шакегин издеп жүргөм деп айтып калыптыр. Учурда менин үйүмдө", - деди Алмаз Чокморов.

Эске салсак, 26-октябрда Уланбек Чокморов Балыкчы шаарындагы үйүнөн мечитке кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Salaf
2018-11-20 14:44:56
Жин кирип кеткенго, дем салдырып койгула.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан