Кыргыз өлкөсүндө бүгүн Дүйнөлүк балдар күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилет

Бүгүн, 20-ноябрда Балдар күнүндө жарык дүйнөгө келген бөбөктөргө белектер берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн вице-премьер Алтынай Өмүрбекова саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокоу менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда "Биринчи Демден" аттуу улуттук кампанияны ишке киргизишти.

"Кампаниянын алкагында өлкө боюнча 20-ноябрда жарык дүйнөгө келген 2000 ымыркайга белек берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айта кетсек, 1989-жылдан тарта 20-ноябрь - Дүйнөлүк балдар күнү катары белгиленип келет. Бул күнү дүйнөлүк лидерлер БУУнун Башкы ассамблеясында балдардын укугу боюнча Конвенция кабыл алышкан. Кыргыз өлкөсү балдардын укугу боюнча Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar92
2018-11-21 12:29:57
Жакшыгоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан