Бир жума ичинде өлкөдө 16 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ушул жылдын 9-ноябрынан 15-ноябрына чейин өлкө аймагында 16 миң 611 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев билдирди.

Анын ичинен 371 айдоочу жол чырагындагы жөө адамдар өтүүчү түс күйгөн учурда өткөн.

"Унааны мас абалында башкарган 234 айдоочу кармалган. 1 миң 377 айдоочу автоунаасын жогорку ылдамдыкта башкарган. Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн 2 миң 549 айдоочуга айып салынган. 1 миң 328 айдоочу унаасын жарык чыгаруучу приборун иштетпей айдаган. 1 миң 534 айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан", - деп айтты Жумагазиев.

Мындан тышкары унааны башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 4 миң 236 айдоочуга айып салынган.

"Унаанын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу боюнча 33 айдоочуга чара көрүлгөн. Уюлдук телефонун колдонуунун эрежесин бузган 3 миң 164 айдоочуга айып салынган", - деп кошумчалады Канат Жумагазиев.

894 унаа атайын автоунаа токтотуучу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek.Svoboda.
2018-11-21 12:54:33
Акчасын алып кое бергендерчи ? Кобу акча берип кетип калышышат эгер аларды кошсо 16мин эмес 100000минден да ашат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан